БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бельгиянын футбол боюнча чемпионатында "Берсхот" клубунун оюнчусу Ян Ван Ден Берг "Генк" тайпасынын дарбазасына укмуштуудай гол киргизди.
Видео Eleven Sports аталышындагы Twitter-аккаунтуна жарыяланды.
Оюндун экинчи жарымында 26 жаштагы коргоочу алыстан туруп топ тээп, дарбазанын каптал жагына киргизген. Дарбазачы секирип тосо албай калган. Видео 1,3 миллион көрүүчү топтоду.
Ван Ден Берганын голу менен "Берсхот" "Генкти" 2:1 эсебинде ута алган.