Садыр Жапаров жаштарды армияга барууга үндөп, аскердеги сүрөтүн жарыялады

Өлкө башчы мекен чегин коргойм деген уулдары менен ата-энелер сыймыктанып, өлкө даңкталарын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров мырзаларды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, армияга барууга чакырды.
Жапаров куттуктоосун Instagram баракчасына жазып, өзүнүн аскердеги сүрөтүн жарыялаган.
"Мен жалпы жаштарды, мектеп бүтүрүүчүлөрүн кыргыз армиясынын катарында кызмат кылууга үндөөр элем. Анткени аскердик милдет турмуш жолундагы кыйынчылыктарга туруштук берип, майтарылбас эркти бүлөйт. Эр жигитке ыйык болуп саналган Ата Мекенди, эл-жерди көздүн карегиндей сактоого күчтүү ишенимди, атуулдук парзды калыптандырат. Турмушка бышкан, патриот, эл-жеринин тынчтыкта бакубат жашоосуна жетишүүгө конкреттүү максат койгон эр-азаматтар тарбияланып чыгат", — деген президент.
Ошондой эле ата-энелер мекенди коргойм деген уулдары менен сыймыктанарын айткан.
Зыңкыйышат! Таанылгыс болуп өзгөргөн саясатчылардын армиядагы сүрөттөрү
"Ар бир ата, ар бир эне армияга кызмат кылган уулдары менен сыймыктанат. Ата журт дагы мындай уул-кыздары менен даңкталат. Демек, бул — чоң сыймык! Биз турмушта бышып жетилген, эрктүү, мекенчил жана билимдүү жаштар менен Кыргызстаныбыздын келечегине ак кызмат кылабыз. Урматтуу мекен коргоочулар, мекен чегин коргойм, өлкөмдү өнүктүрөм, эл-журтумдун байгер турмушун камсыздайм деген ой-максатыңар эч качан майтарылбасын, кайрат-күчүңөрдөн жазбагыла", — деп жазган Жапаров.
Жакында эле Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Садыр Жапаровдун армиядагы дагы бир сүрөтүн чыгарган. Анда ал 20 жашта болчу.