Россиянын ири соода-жарманке комплексинде "Кыргызстан" павильону ачылды

"Москва" соода-жарманке комплекси Россиянын гана эмес Чыгыш Европанын дүң жана чекене ири соода борбору болуп саналат. Эми ал жактан Кыргызстандын продукцияларын дагы көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Москвада 21-февралда "Кыргызстан" аталышындагы павильон ачылганын ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ал эми бүгүн, 23-февралда, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Россиянын борбору Москвадагы "Москва" соода-жарманке комплексинде жайгашкан "Кыргызстан" павильонуна барган.
"Аталган павильондо Кыргызстандан чыгарылган ар кандай азык-түлүктөр жана текстиль-тигүү буюмдары коюлган", — деп айтылат маалыматта.
1 / 2
Ал эми бүгүн, 23-февралда, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Россиянын борбору Москвадагы "Москва" соода-жарманке комплексинде жайгашкан "Кыргызстан" павильонуна барган
2 / 2
Шыкмаматов жогоруда аталган комплекстин ээси, "Киев Аянтынын" ээлеринин бири Омар Муртузалиев менен жолугуп, өлкөдөн чыккан продукцияларды Россиянын рыногуна жеткирүүнү көбөйтүү маселелерин талкуулашкан
Шыкмаматов жогоруда аталган комплекстин ээси, "Киев Аянтынын" ээлеринин бири Омар Муртузалиев менен жолугуп, өлкөдөн чыккан продукцияларды Россиянын рыногуна жеткирүүнү көбөйтүү маселелерин талкуулашкан.
"Муртузалиев комплекстин кыргызстандык экспортчуларга продукциясын сатууга эң ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүнө ишендирди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу меморандумуна кол коюлду", — деп билдирди Тышкы иштер министрлиги.
ТИМ белгилегендей, "Москва" соода-жарманке Россиянын гана эмес, Чыгыш Европанын дүң жана чекене ири соода борбору болуп саналат. Ал 2001-жылдан тартып иштеп келет. Анда миңдеген соода аянттары, кампа жайлары, логистикалык хаб, "Дружба" мейманканасы жана жатаканалары, медициналык борбор, тейлөө мекемелери, азык-түлүк дүкөндөрү, кафе жана ресторандар жайгашкан.