Кремль Путин менен Жапаровдун жолуга турганын жарыялады

24-25-февраль күндөрү президент Садыр Жапаров Россияга жумушчу иш сапары менен барары күтүлүүдө. Бул жаңыдан кызматка киришкен өлкө башчынын чет өлкөгө болгон алгачкы визити.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. 24-февралда Москвада Владимир Путин менен КР президенти Садыр Жапаровдун сүйлөшүүсү болот. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы кабарлады.
"Жолугушууда саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдө Россия-Кыргызстан кызматташтыгы тууралуу сөз болору пландалууда. Ошондой эле Евразия интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо каралып жатат", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 24-25-февраль күндөрү президент Садыр Жапаров Россияга жумушчу иш сапары менен барары күтүлүүдө. Бул жаңыдан кызматка киришкен өлкө башчынын чет өлкөгө болгон алгачкы визити. Учурда Жапаров жана делегация мүчөлөрү обочолонуу режиминде иштеп жатат.