Эркектин ден соолугуна керектүү азыктар саналды

Адис метаболизмдин өзгөчөлүктөрүнө жана гормоналдык фонго байланыштуу эркектердин тамактануусу аялдардыкынан айырмалана турганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Эркектер ден соолукта болом десе малдын этин, куш этин, деңиз азыгын, мидияны (моллюсканын бир түрү) жана анарды жеши керек. Бул тууралуу РИА Новости адистерге таянуу менен жазды.
Жогорудагы азыктардын курамында май кислотасы менен белок көп болгондуктан тестостерондун синтезин кармап турат.
"Метаболизмдин өзгөчөлүктөрүнө жана гормоналдык фонго байланыштуу эркектердин тамактануусу аялдардыкынан айырмаланат. Эркектер булчуң этин бир калыпта кармоо үчүн белоктуу тамактарды жеши керек. Эркектин негизги гормону тестостерондун иштелип чыгышы тамак-аштын сапатынан көз каранды", — деп жазылган макалада.
Адис тестостерон үчүн эт азыктарынан тышкары чеснок, дан өсүмдүктөрүн, банан, капуста жана имбирди колдонууну сунуштаган.
Ошол эле учурда фастфуд, жөнөкөй углеводдор, спирт ичимдиктери эркектин гормонуна терс таасирин тийгизерин айткан.