Ким Чен Ындын жубайынан тарта жанар тоонун атылышына чейин. Апта ирмеми

Sputnik

Аптанын башында узакка созулган оорудан кийин Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова 82 жашында каза болду. Маркум менен коштошуу зыйнаты Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүп, сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп, мыктылар аныкталды.

Күнүмдүк тамак-аш табуу үчүн башкалардын көңүлүн бурдуруу максатында күмүш түскө боёнуп алган туугандар. Алар Күмүш адамдар атыккан топко киришет
"Канга" боёлгон көчөдөн тарта жумушсуз калган тук-туктарга чейин. Апта ирмеми
Москвада жаан-чачын айлык нормадан ашык жааган. Эртең Россиянын баш калаасында акыркы 65 жылдан бери биринчи жолу эң суук аба ырайы катталары болжолдонуп жатат. Аяздын күчү 27 градуска жетери күтүлүүдө.

Европадагы эң ири делген Этна жанар тоосу атылды. Жарылуу кубаттуу лава фонтандары жана вулкан күлүнүн бийикке сапырылышы менен коштолду.

Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ындын жубайынын коомчулукка чыгышы аптанын дагы бир маанилүү окуясы болду. Ал акыркы жолу бир жыл мурда көрүнүп, анын дайын-дареги тууралуу көптөгөн кеп-сөз айтылган.