Трайбализмди жок кылабыз. Марипов акимдерди ротациялап, аттестациядан өткөрөт

Өкмөт мамлекеттик кызматта түндүк-түштүк деген түшүнүктөн арылуу жана кландык ооруну түп-тамырынан бери жок кылуу максатын көздөп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Жакынкы күндөрү район акимдери жана орун басарлары аттестациядан өткөрүлөт. Бул туурасында премьер-министр Улукбек Марипов кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда маалымдады.
Ал президент Садыр Жапаровдун башкы тапшырмасы кадрларды тандоо системасын жана практикасын кардиналдуу өзгөртүү экенин белгилейт.
Муну ишке ашыруу үчүн биринчи этапта системалуу түрдө бардык райондук акимдер жана алардын орун басарлары аттестациядан өткөрүлөт. Аны менен катар акимдерди ротациялоо принциби ишке киргизилет.
Бул иштердин башкы максаты:
"Муну менен биз жер-жерлердеги жетекчилерди натыйжалуу жана сапаттуу иштегенге түрткү беребиз. Дагы бир жолу баса белгилеп кетейин, биз бир ууч эле элбиз. Бизге бекем ынтымак гана керек! Аттестациялоо иштери өтө жакынкы күндөрү башталат, таза, ачык-айкын, акыйкат жана бирдей шартта өткөрүлөт. Бардык иштер жаап-жашырылбастан элдин көз алдында, коомчулуктун катышуусунда болот", — деди Марипов.
Ошондой эле ал учурда аттестациялык комиссиянын курамы түзүлүп жатканын айтты. Ага район жана облустардын мурдагы абройлуу жетекчилери, ар түрдүү региондон мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагерлери кирет.
Марипов: бизнесмендер менен күнү-түнү байланышууга даярмын. Сүрөт
Ротациялоо практикасы укук коргоо органдарынын ишинде активдүү колдонулуп келет. Мындай аракет райондук эле эмес, республикалык масштабдагы адистердин калыптанышында жакшы натыйжаларды берүүдө.
"Мындай кадам өлкө саясатын ишке ашырууга жөндөмдүү, жогорку квалификациялуу кадрлардын күчтүү резервин түптөөдө негизги өзөктөрдүн бири болот. Бул чечимдерибиз эл тарабынан туура кабылданып, колдоо табат деп ишенемин. Мен өз өлкөмдүн патриот уулу жана премьер-министри катары аймактарга өз ишин мыкты билген профессионалдардын келишине абдан кызыкдармын! Биз күчтүү Кыргызстанды бирге курабыз деп бекем ишенем!" — деп кайрылды өкмөт башчы.
Ошону менен бирге аттестациядан ийгиликтүү өткөн мамлекеттик администрация башчылары жана орун басарлары карьералык тепкич боюнча көтөрүүгө негизги талапкерлердин бири катары каралат.