Өлкөнүн грек-рим жана эркин күрөшү боюнча 29 балбаны Киевде намыс талашат

Келерки аптада Киев шаарында спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Украинанын чыгаан балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдеш өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Кыргызстандын эркин жана грек-рим күрөшүнүн балбандары Украинада өтүүчү эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу өлкөнүн Спорттук күрөш боюнча федерациясы кабарлады.
Элдин моокумун кандырышты. Топ жарып чыккан балбандардын чемпионаттагы сүрөттөрү
Ага Кыргызстандын эркин жана грек-рим күрөшүнүн улуттук курама командасынын Улукбек Жолдошбеков, Жоламан Шаршенбеков сыяктуу алдыңкы балбандары катышат.
Турнирге жалпысынан 29 балбан жөнөмөкчү. Спортчулардын тизмеси менен аталган федерациянын Facebook баракчасынан кенен тааныша аласыздар.