Кыргызстандын алыш бел боо күрөшүнүн жеңүүчүлөрү аныкталды. Сүрөт

Чемпионатка республика боюнча жалпысынан 250 балбан катышты. 90 спортчу (эркектер) 70 килограмм салмакта күч сынашты.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда алыш бел боо күрөшүнүн эркин жана классикалык түрү боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу аталган спорттун федерациясынын башкы катчысы Белек Усенбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
1 / 5
Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда алыш бел боо күрөшүнүн эркин жана классикалык түрү боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды
2 / 5
12 салмак боюнча 20-февралда күрөштүн классикалык түрүнөн жеңүүчүлөр аныкталса, 21-февралда эркин стилинин балбандары кармашкан
3 / 5
Классикалык түрү боюнча эркектер арасында Марлен Абдурасулов (60 килограмм), Бекмамат Бейшенов (70), Мадаминбек Шаршеналы уулу (80), Жаныбек Аллакулов (90), Акылбек Торобеков (100) жана андан оор салмактагылар арасында Кадыр Келсинбеков чемпион болушту
4 / 5
Ал эми алыш күрөшүнүн эркин түрүнөн Роман Сапаров (60 килограмм), Адилет Кубатбек уулу (70), Азизхан Мусабек уулу (80), Чыңгыз Чалабаев (90), Исламбек Алик уулу (100) жана эң оор салмакта Ымангазы Койлуев жеңүүчү деп табылды
5 / 5
Кыз-келиндерден классикалык күрөштө Мадина Сартбаева (55 килограмм), Бегайым Акбалаева (60), Элза Абдыкадырова (65), Жумагүл Нурмырзаева (70), Гульзат Мырзабекова (75) жана эң оор салмактагы балбан кыздар арасында Зарина Байтерекова биринчи орунду камсыздады.
Анын айтымында, 12 салмак боюнча 20-февралда күрөштүн классикалык түрүнөн жеңүүчүлөр аныкталса, 21-февралда эркин стилинин балбандары кармашкан.
Классикалык түрү боюнча эркектер арасында Марлен Абдурасулов (60 килограмм), Бекмамат Бейшенов (70), Мадаминбек Шаршеналы уулу (80), Жаныбек Аллакулов (90), Акылбек Торобеков (100) жана андан оор салмактагылар арасында Кадыр Келсинбеков чемпион болушту.
Өлкөнүн грек-рим жана эркин күрөшү боюнча 29 балбаны Киевде намыс талашат
Ал эми алыш күрөшүнүн эркин түрүнөн Роман Сапаров (60 килограмм), Адилет Кубатбек уулу (70), Азизхан Мусабек уулу (80), Чыңгыз Чалабаев (90), Исламбек Алик уулу (100) жана эң оор салмакта Ымангазы Койлуев жеңүүчү деп табылды.
Кыз-келиндерден классикалык күрөштө Мадина Сартбаева (55 килограмм), Бегайым Акбалаева (60), Элза Абдыкадырова (65), Жумагүл Нурмырзаева (70), Гульзат Мырзабекова (75) жана эң оор салмактагы балбан кыздар арасында Зарина Байтерекова биринчи орунду камсыздады.
Ал эми эркин стили боюнча Элзада Момунжанова (55 килограмм), Мээрим Момунова (60), Нурзат Бактияр кызы (65), Нурзада Мыктыбек кызы (70), Адина Нурматова (75) жана эң оор салмак даражасында Нагира Сарбашева чемпион болушту.
"Чемпионатка республика боюнча жалпысынан 250 балбан катышты. 70 килограмм салмакта 90 спортчу (эркектер) күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгы менен Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында, дүйнө жана Азия чемпионатында намыс талаша турган спортчулар тандалат", — деди Усенбеков.
Биринчи, экинчи жана үчүнчү орунду ээлеген балбандар медалдар жана дипломдор менен сыйланды.
Турнир спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча дирекция менен "Алыш" күрөш федерациясы тарабынан уюштурулду.