Марипов: бизнесмендер менен күнү-түнү байланышууга даярмын. Сүрөт

Өкмөт башчы ишкерлер менен жолугуп, экономиканы активдештирүү жаатында биргелешкен чараларды талкуулап, сунуштарын укту.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов жергиликтүү бизнестин өкүлдөрү менен жолугуп, ишкерлерге түзүлгөн шарттарды талкуулап пикир алышкан.  
Өкмөттүн маалымат  кызматы жолугушуунун негизги максаты экономиканы активдештирүү жаатында демилгелерди жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулоо болгонун кабарлады. 
1 / 6
Премьер-министр Улукбек Марипов жергиликтүү бизнестин өкүлдөрү менен жолугуп, ишкерлерге түзүлгөн шарттарды талкуулап пикир алышкан
2 / 6
Өкмөттүн маалымат  кызматы жолугушуунун негизги максаты экономиканы активдештирүү жаатында демилгелерди жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулоо болгонун кабарлады
3 / 6
Иш-чара эркин микрофон тартибинде өтүп, ар бир катышуучу өз идеяларын жана көйгөйлөрүн ошол жерден айткан
4 / 6
"Мындай форматтагы жолугушуулар өкмөт жана бизнес-коомчулук ортосундагы пикир алышууга кошумча дем берет жана үзгүлтүксүз негизде өткөрүлүүсү зарыл. Сиздер менен конструктивдүү пикир алышуу үчүн ыраазычылык билдирип, суткасына 24 саат бою байланышта болууга даярмын. Биз ишкерлик тармагындагы ачык-айкын эрежелерди камсыздоо үчүн бардык күч-аракетибизди жумшоого даярбыз", — деген Марипов
5 / 6
Ошондой эле премьер-министр учурда өкмөттүн 100 күндүк планы иштелип жаткандыгын жана ал бүгүнкү жолугушууда айтылган идеялар менен толукталарын кошумчалады
6 / 6
Өз кезегинде бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү көйгөйлөрүн айтып, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча бир катар сунуштарын киргизишкен
Иш-чара эркин микрофон тартибинде өтүп, ар бир катышуучу өз идеяларын жана көйгөйлөрүн ошол жерден айткан. 
"Мындай форматтагы жолугушуулар өкмөт жана бизнес-коомчулук ортосундагы пикир алышууга кошумча дем берет жана үзгүлтүксүз негизде өткөрүлүүсү зарыл. Сиздер менен конструктивдүү пикир алышуу үчүн ыраазычылык билдирип, суткасына 24 саат бою байланышта болууга даярмын. Биз ишкерлик тармагындагы ачык-айкын эрежелерди камсыздоо үчүн бардык күч-аракетибизди жумшоого даярбыз", — деген Марипов.
Ошондой эле премьер-министр учурда өкмөттүн 100 күндүк планы иштелип жаткандыгын жана ал бүгүнкү жолугушууда айтылган идеялар менен толукталарын кошумчалады.
Өз кезегинде бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү көйгөйлөрүн айтып, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча бир катар сунуштарын киргизишкен.