Бейшеналиев Россиядан кыргыз мигранттарын эмдөөдөн массалык түрдө өткөрүүнү өтүндү

Министр кечээ, 20-февраль күнү, Москва шаарында Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова менен жолуккан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Россияда эмгектенип жүргөн кыргызстандыктарды эмдөөдөн өткөрүүнү сурап россиялык кесиптештерине кайрылды. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Министр кечээ, 20-февралда, Москва шаарында Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова менен жолуккан.
"Кыргыз тарап россиялык вакцинаны алууга көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылды. Ошондой эле Россияда иштеп жүргөн Кыргызстан жарандарын COVID-19га каршы эмдөөдөн жапырт өткөрүүнү суранды", — деп айтылат маалыматта.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев 18-февралдан бери Россияда иш сапар  менен жүрөт.