Кан басымды дары-дармеги жок кантип түшүрүүгө болот? Кеп-кеңеш

Адистер диета кармап, көбүнчө мөмө-жемиш, жашылча жана майлуулугу төмөн сүт азыктарын колдонууну сунушташат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Америкалык Mayo Clinic клиникасынын кызматкерлери дары-дармеги жок эле кан басымды төмөндөтүүнүн сырын айтып беришти. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.
Ак халатчандар биринчиден ашыкча салмактан сактанып, аны көзөмөлдөп турууну сунушташат.
"Семиздик уйкуну качырат, мунун кесепетинен дагы адамдын кан басымы жогорулайт", — деп эскертүү берген адистер.
Дарыгер COVID-19дан өтүп планетаны бүк түшүрчү илдетти атады
Ошондой эле диета кармап, көбүнчө мөмө-жемиш, жашылча жана майлуулугу төмөн сүт азыктарын колдонуп, тамак-ашка тузду аз кошуу керектигин айтты.
Дарыгерлер спорт менен күн сайын жарым саат машыгып, жөө басып, сууда сүзүп, велосипед тээп, жумасына жок деген эки жолу оор нерселерди көтөрүү зарылчылыгын белгилеген.
Ошол эле маалда чылым, спирт ичимдиктеринен баш тартууну, кофени аз ичүүнү сунуш кылып, эң негизгиси стресстен алыс болуу керектигин кошумчалашты.