Асманда учуп бараткан Boeing кырсыктап, сыныктары үйлөрдүн үстүнө түшкөн. Видео

Жүргүнчү ташуучу учак асманда жарым сааттай болгон. Пилоттор лайнерди учкан аэропортуна кайрадан кондурушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. АКШда асманга көтөрүлүп жаткан жүргүнчү ташуучу лайнердин кыймылдаткычы асмандан эле жалындап күйө баштаган учурдун видеосу тарады. Окуянын чоо-жайын CNN кабарлады.
​Boeing 777 Гавайи штатында Денвер - Гонолулу багыты боюнча каттамды тейлеген. Пилоттор болжогон жерине жетпей, кырсыктаган аба кемесин кайрадан сапарга чыккан аэропортко кондурган.
​Окуянын сүрөттөрү жана видеолору Twitter тармагына жарыяланды.
​Лайнер асманда жарым сааттай учкан. Бул мезгилде анын кыймылдаткычы күйүп, анын жалындаган сыныктары Денвердин тургундарынын короосуна түшкөн. Мындай көрүнүштөн кийин эл окуяны полицияга кабарлаган. Андан эч ким жабыркаган эмес.