Бишкекте алыш күрөшүнүн чеберлери күч сынашып, ага кыздар да катышууда. Сүрөт

Бел боо күрөшүнүн эркин стили боюнча мелдеш бүгүн башталып, эркектер жана кыз-келиндер арасында 12 салмакта өтүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында алыш бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп жатат. Бул тууралуу аталган спорттун федерациясынын башкы катчысы Белек Усенбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Алыш күрөшүнүн эркин стили боюнча мелдеш бүгүн башталып, эркектер жана кыз-келиндер арасында 12 салмакта өтүүдө. Турнир кечинде жыйынтыкталат.
1 / 2
Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында алыш бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп жатат
2 / 2
Алыш күрөшүнүн эркин стили боюнча мелдеш бүгүн башталып, эркектер жана кыз-келиндер арасында 12 салмакта өтүүдө. Турнир кечинде жыйынтыкталат
"Мелдеш бүгүн башталды. Эркектер арасында 60, 70, 80, 90, 100 килограмм жана андан оор салмактагылар, ал эми кыз-келиндерден 55, 60, 65, 70, 75 килограмм жана андан оор салмактагы балбандар арасында кармаштар жүрүүдө. 70 килограмм салмакта (эркектер) 90 спортчу катышып жатат", — деди Усенбеков.
Ал, ошондой эле, мелдештин жыйынтыгы менен Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында, дүйнө жана Азия чемпионатында намыс талаша турган спортчулар тандаларын кошумчалады. 
Турнир спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча дирекция менен "Алыш" күрөш федерациясы тарабынан уюштурулуп жатат.
Эскерте кетсек, кечээ аталган спорттун классикалык түрүнөн мелдеш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталган.