Сотто Райым Матраимовдун баш коргоо чарасы каралууда. Сүрөт

Матраимов 18-февраль күнү кайра кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, 48 сааттын ичинде сот баш коргоо чарасын карамак.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасын кароо максатында аны Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна алып келишти.
1 / 2
Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасын кароо максатында аны Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна алып келишти
2 / 2
Ушул тапта анын жактоочулары сот имаратынын алдында нааразычылык акциясын өткөрүп турушат. Алар Матраимовго карата жалаа жабылып жатат деген дооматтарды коюуда.
Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.
Садыр Жапаров: Матраимов боюнча сот чечимине кийлигишпейбиз, бирок иш уланат
Ушул тапта анын жактоочулары сот имаратынын алдында нааразычылык акциясын өткөрүп турушат. Алар Матраимовго карата жалаа жабылып жатат деген дооматтарды коюуда.
Эске салсак, Райымбек Матраимов 18-февраль күнү кайра кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, 48 сааттын ичинде сот баш коргоо чарасын карамак.
Матраимовдун тарапташтары кечээ дагы УКМК имаратынын алдына митингге чыгышкан.