КРдин медициналык окуу жайлары Пакистандын кара тизмесинен чыгат

Кыргызстандын билим берүү министринин Пакистанга болгон иш сапарынын жыйынтыгы чыкты. Анда негизинен окуу жайлар менен пакистандык студенттердин маселеси каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайлары Пакистандын медицина комиссиясынын ар кыл категориясына киргизилип, КР ЖОЖдорунан билим алган ал жактын жарандары Медкомиссиянын экзамендерине кирүүгө укуктуу болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маселе министр Алмазбек Бейшеналиевдин Пакистанга болгон иш сапары жана Медицина комиссиясынын президенти Ардаш Таки менен жолугушкандан кийин чечилген
Маселе министр Алмазбек Бейшеналиевдин Пакистанга болгон иш сапары жана Медицина комиссиясынын президенти Ардаш Таки менен жолугушкандан кийин чечилген.
Кыргызстандын окуу жайлары төмөндөгүдөй тизмеге кирди:
Жакында эле ачылган медициналык окуу жайлар өзүнчө тизмеге киргизилмей болду.
"Эки өлкөнүн окуу программасындагы айырмачылыктан улам жаралган көйгөйлөр КР Билим берүү жана илим министрлигинин талаптарына ылайык комплекстүү чечилди", — деп айтылат маалыматта.
Пакистандыктар көбөйүп, индиялыктар азайды. КРде окуган чет элдик студенттер
Бейшеналиев сапарынын алкагында башка чиновниктер менен да жолугушуп, Кыргыз-пакистан илимий фонд түзүүнү макулдашты. Анда билим берүү багытында тажрыйба алмашуу каралган.
Өткөн жылдын 29-октябрында Кыргызстандын медиктерди даярдаган окуу жайлары Пакистандын "кара тизмесине" киргени маалым болгон. Буга тийиштүү ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнүн 90 пайызы Пакистандын медицина кеңешинде милдеттүү экзамендерди тапшыра албай калышы жана дипломдорунун жараксыз болушу себеп экени айтылган. Андан кийин төрт окуу жай "кара тизмеден" чыгарылган.