Мурда сөгүш алган. Улуттук статистика комитетине жаңы жетекчи келди

Жаңы төрага Самат Насирдинов "Унаа" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басарлыгын аркалап, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында катуу сөгүш алган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов кызматтан бошотулуп, ордуна Самат Насирдинов келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыктарга мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Талайбек Бектенов "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору болду
Буга чейин Насирдинов "Унаа" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басарлыгын аркалап, 2019-жылы кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында катуу сөгүш алган. Мамлекеттик каттоо кызматынын комиссиясы "Унаа" ишканасынын директору Алымжан Козубаев жана анын орун басарлары Самат Насирдинов менен Усеин Касымалиев коррупциялык иштерге аралашканын айткан.
Sputnik агенттиги "Унаа" ишканасынын жетекчиси Алымжан Козубаев кол алдындагы кызматкерлерге кресло саткан деп айтылган сөздөрдөн кийин бул жаатта материал жазган.