Радио

Мамытканов: малды жөнөкөй ыкмалар менен эле семиртсе болот

Мал чарбачылыгы боюнча адис Бакыт Мамытканов өлкөдө эттин көлөмүн көбөйтүү үчүн кандай аракеттер көрүлүшү зарыл экендигин айтып берди.
Sputnik
Туура тоют берүү, режимди сактоо жана шарт түзүп берүү менен малдан алынчу продукцияны жогорулатса болот. Бул тууралуу Бакыт Мамытканов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, семиртүү үчүн малды туура бордоп багуу зарыл.
"Мал багууда жөнөкөй ыкмаларды колдонуу менен семиртүүгө мүмкүнчүлүк бар. Маселен, букаларга туура тоют берип, күн тартибин сактоо жана ыңгайлуу шарттарды түзүү менен күнүнө 1,5-2 килограммга чейин салмак коштурса болот. Ал үчүн таңкы жана кечки саат сегизде эки килограммдан жем, саат 13тө жылымык суу, 14тө эки килограмм чөп берилет. Бул алты айлык музоолордун рациону. Тоютту жегенине карап бара-бара жемди көбөйтүп, төрт килограммга чейин жеткиребиз. Ал эми чөптү көбөйтпөй ошол бойдон калтырабыз. Мындан тышкары, режимди туура сактоо зарыл. Ошондой эле малкананын ичинде жыт болбой, шамалдатуучу жабдыктар орнотулушу шарт", — деди Мамытканов.
Адис тоютту туура берүү менен уйдун сүттүүлүгүн 15-20 литрге чейин жеткирсе боло турганын кошумчалады.