БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Бишкекте 2015-жылы теракт даярдап, издөөдө жүргөн эл аралык террордук уюмдун согушкери С.А.С. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
ЭТУ мүчөсү, Кыргызстандын жараны С.А.С. 16-февраль күнү атайын кызмат жүргүзгөн контртеррордук иш-чаралардын алкагында колго түшүрүлгөн.
Бишкекте 2015-жылы теракт даярдап, издөөдө жүргөн эл аралык террордук уюмдун согушкери С.А.С. кармалды
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
УКМК тактагандай, ал 2015-жылы жайында Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө качып кутулуп, андан кийин жашыруун террордук уюмдардын катарында өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.
Учурда кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүүдө.
Эске сала кетсек, мындан алты жыл мурда июль айында Бишкек шаарынын Горький жана Темиров көчөлөрүнүн кесилишинде УКМКнын атайын операциясы менен эл аралык террордук топтун мүчөлөрү жок кылынган. Согушчандарды кармоо учурунда алар куралдуу каршылык көрсөтүп, эки кабаттуу үйгө жашынышкан. Жети согушкер кармалып, төртөө жок кылынган.
Атайын операциянын жыйынтыгында АК үлгүсүндөгү 6 автомат, 1 АКСУ, ПМ жана ТТ үлгүсүндөгү 5 тапанча, көп сандагы граната, ок-дарылар алынган.
Операция учурунда УКМКнын 4 кызматкери түрдүү жаракат алып ооруканага жеткирилген болчу.