БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен районунун жаратылыш кырсыгы болушу мүмкүн делген аймагында жашаган тургундарына эскертүү берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Баткен районундагы Дара, Кыштут, Төрткүл жана Кара-Бак айыл аймактарындагы кооптуу тилкеде жайгашкан үйлөрдү башка жакка көчүрүү үчүн түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжада ар бир үй-бүлөгө жана айыл өкмөт башчыларына эскертүүлөр берилген.
Баткен районунун айланасында кооптуу болгон жер көчкү, сел жана таш кулоо участкаларында 48 турак үй бар экени кошумчаланды.