Белгилүү балбан Каныбек Жолчубеков спорттук карьерасын жыйынтыктады. Сүрөт

Балбан грек-рим күрөшү боюнча КРдин чемпионатынын ачылышында спорттон кетип жатканын айтып, машыктыруучуларга жана күйөрмандарына ыраазылыгын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Грек-рим күрөшүнүн балбаны жана Кыргызстан курама командасынын капитаны Каныбек Жолчубеков спорттук карьерасын аяктаганын жарыялады. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.
1 / 3
Грек-рим күрөшүнүн балбаны жана Кыргызстан курама командасынын капитаны Каныбек Жолчубеков спорттук карьерасын аяктаганын жарыялады
2 / 3
Балбан мындай билдирүүнү грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын ачылыш аземинде билдиргени айтылат
3 / 3
Эске салсак, Каныбек Жолчубеков студенттер арасында эки жолку дүйнө чемпиону, жаштар арасында дүйнө чемпиону, Азия чемпиону, ошондой эле Азия оюндарынын вице-чемпиону. Спортчу килемде 60 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып келген.
Балбан мындай билдирүүнү грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын ачылыш аземинде билдиргени айтылат.
"Ал машыктыруучу курамга, дарыгерлерге, күйөрмандарга, үй-бүлөсүнө колдоо көрсөткөндүгү үчүн алкышын айтып, профессионал спортчу болууга жардам бергендердин бардыгына терең ыраазычылыгын билдирди. Балбан спорттук кийимин символикалык түрдө грек-рим күрөшү боюнча спортчу Нурмухаммед Абдуллаевге тапшырды", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Каныбек Жолчубеков студенттер арасында эки жолку дүйнө чемпиону, жаштар арасында дүйнө чемпиону, Азия чемпиону, ошондой эле Азия оюндарынын вице-чемпиону. Спортчу килемде 60 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып келген.
Ал 1989-жылы 8-октябрда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Миң-Булак айылында туулган.