Ташиев Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болсо эмне артыкчылык аларын айтты

Эгерде Баткен дубанына "өзгөчө облус" макамы берилсе, аны генерал-губернатор жетектейт да, кеңири ыйгарым укуктарга ээ болот.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Эгерде Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болсо, аны генерал-губернатор жетектейт. Бул туурасында УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев чек арага жакын аймактардын жашоочулары менен жолугушуп жатканда айтты.
Жолугушуу бүгүн, 18-февралда, Баткенде өттү.
"Баткен облусуна өзгөчө статус бере турган болсок, анын башчысы генерал-губернатор болот. Жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерин ишке өзү коюп-алып, чечимдерди өзү кабыл алып, ушул жерде өзүнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрү болот", — деди Ташиев.
Чет элдиктерге мүлк сатпайт, калктын саны өсөт. Баткенге берилчү статустун жобосу
Ал мындай макам Кыргызстандагы дубандардын ичинен жалгыз гана Баткен облусу үчүн каралып жаткандыгын айтты.
Буга чейин премьер-министр Улукбек Марипов өкмөт Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселесин карап жаткандыгын айткан.
Ал эми үч күн мурда, 15-февралда, Өмүрбек Суваналиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.