Акыркы могикандардын бири эле... Сейдакматованы акыркы сапарга узаткан сүрөттөр

Sputnik

Кыргыз коомчулугу сүйүктүү актрисасы менен Бишкек шаарында Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында коштошту.

Бул инсанды эскерип көп сөздөр айтылды, талантына дагы бир ирет таазим этишти.

"Кыргыз театрларынын арасынын биринчи жолу спектаклибиз менен Лондонго бардык. Ошондо Жамал Сейдакматова "Илек-илек" спектаклинде ойногондо британиялык театр ишмерлери биринчи эженин жашын сурады. Биз "эже 80ге таяп калды" десек, залдагылар туруп алып кол чапкан. Жамал эже кыргыз улуттук театр өнөрүнүн туу чокусунун эң акыркы могикандарынын бири. Биз бүгүн Жамал эжени акыркы сапарга жөнөтүп жатып аны менен кошо өзгөчө бир доорду, мезгилди, кыргыз маданиятынын өзгөчө тарыхын узатып жатабыз", — деп эскерди драматург, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев.

Ал эми коомдук ишмер Садык Шер-Нияз бул улуу инсан кыргызга бакыт арнады деген сөздөрүн айтты.

Кыргызстандыктар Жамал Сейдакматова менен коштошууда. Видео
"Жамал эже байлыкка азгырылган жок. Ал кыргызга бакыт арнады. Ошол үчүн Жамал эженин жолу бийик, жолу улук. Жамал эже артынан канчалаган шакирттерин даярдады. Мына ушул жерде да Жамал эженин жүздөгөн шакирттери турасыңар. Кыйналып маданияттан кечип кетейин дегенде эжени, анын жолун эстегиле, силерге үлгү болсун", — деди Садык Шер-Нияз.

Жамал Сейдакматованын сөөгү Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" мамлекеттик көрүстөнүнө коюлду.

1 / 10
Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова менен коштошуу зыйнаты Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өттү
2 / 10
Улуу актриса менен коштошуу зыйнатында драматург, Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев: "Кыргыз элинде Жамалдай талантуу уул-кыздар жаралат, бирок Жамал Сейдакматова бирөө бойдон калат", - деген баасын берди
3 / 10
КР эл артисти Жамал Сейдакматова кыргыз кино жана театр өнөрүнүн мыкты өкүлдөрүнүн бири эле. Ал Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу менчик театр ачкан. 2016-жылы Лондон шаарындагы эл аралык театр фестивалында "Дүйнөлүк театр искусствосунун улуу актрисасы" номинациясына ээ болгон.
4 / 10
Жамал Сейдакматова 2021-жылдын 16-февралында 82 жашында дүйнө салды
5 / 10
Жамал Сейдакматованын каза болушу жакын туугандары үчүн эле эмес, кыргыз маданияты үчүн чоң жоготуу болду. Сүрөттө актрисанын кызы Ажар (оңдо ) жана келини Асел (солдо) апасын акыркы сапарга узаттуу учурунда.
6 / 10
Драматург, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев Жамал Сейдакматова кыргыз улуттук театр өнөрүнүн туу чокусунун акыркы могикандарынын бири экендигин белгиледи. Сейдакматова менен кошо өзгөчө бир доору, кыргыз маданиятынын тарыхы узап жаткандыгын айтты.
7 / 10
Жамал Сейдакматова Кыргыз драма театрында бир топ жыл, кийин "Тунгуч" театрында иштеп сахнанын көркүн чыгарган. Бир канча кыргыз жана казак кинолоруна тартылып миллиондогон көрөрмандарын тапкан.
8 / 10
Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу ирмеминен. Ал "миң жыл, жүз жыл жашабайм да. Артыма жакшы из калтырып кетсейм дейм" деген маектеринин биринде.
9 / 10
"Жамал эже сымбат десе сымбат, акыл десе акыл, талант десе таланты бар киши эле. Бирок ал көр дүйнөнүн, кызыл дилде дүйнөнүн артынан азгырылбай кызматын кыргыз элине арнады", — деп эскерүү сөзүн айтты коомдук ишмер Садык Шер-Нияз
10 / 10
Жамал Сейдакматованын сөөгү Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" мамлекеттик көрүстөнүнө коюлду.