Бир доор кетти... Актриса Жамал Сейдакматованын сөөгү жерге берилди

Жамал Сейдакматова узакка созулган катуу оорудан улам 16-февралга караган түнү көз жумган. Актриса 82 жашта болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Бүгүн кыргыздын көрүнүктүү актрисасы Жамал Сейдакматованын сөөгү жерге берилди. Улуу талант менен коштошуу зыйнаты Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өттү.
Коштошуу зыйнатында Жамал Сейдакматова бүт өмүрүн чыгармачылыкка арнаган чыгаан артист экени белгиленди. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Алтынайдан Курманжан даткага чейинки жол. Жамал Сейдакматованын кинодо калган элеси
Залкар талант узакка созулган катуу оорудан улам 16-февралга караган түнү көз жумган. Ал 82 жашта болчу.
Актриса 1989-жылы алгачкы көз карандысыз "Туңгуч" театрын негиздеген. 1970-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, 1976-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти наамдарын алган.
1986-жылы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. 2003үнчү, 2019-жылдары III жана II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.