Египеттин президенти өлкө жарандарын экиден гана балалуу болууга чакырды

Жыл сайын Египет калкы 2,4 миллион адамга көбөйөт. Өлкө бийлиги элдин санынын кескин көбөйүп кетеринен чочулап, бул көрсөткүчтү 400 миңге чейин түшүрмөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси өлкө калкынын тездик менен өсүп жатканына тынчсызданганын билдирип, жарандарды жаңы төрөлгөндөр боюнча көсөткүчтү азайтууга чакырды. Бул тууралуу Al-Ahram телеканалы билдирди.
Ал белгилегендей, көп балалуу үй-бүлө мамлекет үчүн көйгөй жаратууда.
"Үй-бүлөдө экиден ашык бала болсо, көйгөй жаралат. Египет үчүн жыл сайын калктын саны 400 миңге өскөнү ылайыктуу", — деген президент Исмаилиде медициналык комплекстин ачылышында сүйлөп жатып.
Анын айтымында, өлкөдөгү тургундардын саны жыл сайын эки миллионго көбөйүп отурса, элдин жашоо шарты жакшырбайт.
"Биз калктын санынын өсүү көйгөйүн чечүү боюнча программа иштеп жатабыз", — деди Ас-Сиси.
Кытайда климат кескин өзгөрүп, кесепети оор болору болжолдонуп жатат
Азыркы күндө Египетте 101 миллиондон ашык адам жашайт. Бул көрсөткүч боюнча алар араб өлкөлөрүнүн арасында биринчи сапта. Ал эми Африкада үчүнчү болсо, дүйнө жүзүндө 14-катарда турат.
Адистердин белгилешинче, 2052-жылы Египеттин жашоочуларынын саны 193 миллионго жетет. Ал эми калктын санынын өсүү темпин көзөмөлгө алуу чаралары ийгиликтүү ишке ашса, 30 жылда өлкө эли 143 миллиондук чекке барат.