Чет элдиктерге мүлк сатпайт, калктын саны өсөт. Баткенге берилчү статустун жобосу

Эгер өзгөчө аймак статусу берилип калса, баткендиктер бир катар социалдык жеңилдиктерди алып, облусту өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгат. Ал эми чет элдик жарандарга мүлк сатууга тыюу салынмакчы.
Sputnik
Бүгүн премьер-министр Улукбек Марипов Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселеси каралып жатканын билдирди. Ага ылайык, облуска жаңы дайындалган жетекчи Өмүрбек Суваналиев тиешелүү сунуштарын даярдап, жакын арада өкмөткө алып келет.
Эгер бул демилге ишке ашса, Баткендин жашоочуларына кандай жеңилдик жана артыкчылыктар берилиши мүмкүн. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы ушул жагдайды билип көрдү.

Өзгөчө статус берүүнүн максаты

2011-жылы "Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" мыйзамы кабыл алынып, 2012-жылдын 1-январында күчүнө кирген. Дал ушул мыйзамга ылайык, чек ара аймактарына өзгөчө статус берилет.
ИИМде ротация жүрүп, облус, район ИИБдеринин жетекчилери алмашты. Тизме
Анын максаты Кыргызстандын чек ара аймактарын бекемдөө, улуттук коопсуздукту, аймактын бүтүндүгүн жана мамлекеттик чек аранын кол тийбестигин камсыз кылууну көздөйт. Ошону менен бирге аймактагы калктын жашоо-турмушунун сапатын жана иш менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
Өзгөчө статуска ээ аймактын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгат.
Ал социалдык-экономикалык өнүктүрүү, КР чек ара аймактарына аймактык, экономикалык, демографиялык, маданий-диний жана башка түрдөгү экспансия менен агрессияга каршы күрөшүү чараларын камтыйт.
Өкмөт иштеп чыккан мамлекеттик программаны Жогорку Кеңеш бекитет.

Чектөөлөр

Өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарында чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана чет өлкөлүк юридикалык жактарга кыймылсыз мүлк объектилерин менчигинин түрүнө карабай сатууга (жеке менчигине өткөрүп берүүгө) тыюу салынат. Бирок бул норманын кайрылмандарга тиешеси жок.
Өкмөт белгилеген чек ара режиминин алкагында чет өлкөлүк жарандардын кириши, жашап турушу, иш жүргүзүүсү өзүнчө белгиленген тартипте ишке ашырылат.

Кандай калктуу конуштарга өзгөчө статус берилет?

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймагын өнүктүрүү жаатындагы өздөрүнүн милдеттерин жана башка артыкчылыктуу функцияларды аткарат.

Жергиликтүү тургундарга көрсөтүлчү социалдык колдоо

Мамлекет туруктуу жашаган жарандарга мамлекеттик кепилдиктерди, компенсацияларды жана жеңилдиктерди белгилөө аркылуу социалдык колдоо көрсөтөт.
Агенттик менен ведомстволордун тагдыры чечилип, кимиси каякка кошулары анык болду
Компенсациялардын өлчөмү жана аларды төлөө тартиби өкмөт тарабынан аныкталат.
Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн бюджеттеринин, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын (жумуш берүүчүлөрдүн) каражаттарынын эсебинен кошумча кепилдиктер жана компенсациялар берилиши мүмкүн.
Жогоруда аталган мыйзамдын ченемдерин бузган тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.