Футболчу Айдана Оторбаева дүйнөлүк беделдүү сыйлыкка көрсөтүлдү

Кыргызстандык кыз пандемия маалында башкалардын өмүрүн сактоо үчүн өзүнүн жанын тобокелге салып жасаган иштери башкаларга үлгү болгону белгиленет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү футболчу Айдана Оторбаева беделдүү Merit Award сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул туурасында Профессионал футболчулар ассоциациясынын расмий сайтына жарыяланды.
Аталган сыйлык футболго эмгеги сиңген адамдарга берилет. Бул жылы ага сегиз оюнчу көрсөтүлдү. Ассоциация бир гана футболчулар эмес, спортчулар тобун дагы тандаган.
"Айдана Оторбаева пандемия маалында башкалардын өмүрүн сактоо үчүн өзүнүн жанын тобокелге салды. Ал "Бирге" деп аталган ыктыярчылар кыймылын түзгөн. Айдана өзү медик болбосо дагы социалдык тармак аркылуу дарыгерлердин жүгүн жеңилдетүүгө жардам бере алды. Андан көпчүлүгү үлгү алып, жыйынтыгында 500гө чукул ыктыярчы чогулду. Жаштар өз саламаттыгын тобокелге салып стационардагы жана кызыл зонадагы медицина кызматкерлерине жардам беришти. Алардын эмгегин медициналык эксперттер аябай жогору баалады", — деп айтылат сайттын билдирүүсүндө.
Сабырбек Жумабеков эл аралык сынакта "Жылдын мыкты окумуштуусу" аталды
Сыйлыктын жеңүүчүсүн 18-февралда Профессионал футболчулар ассоциациясынын башкы ассамблеясы аныктайт.
Кыргызстандык спортчу көрсөтүлгөн номинация алгачкы ирет 1974-жылы дүйнө чемпиону (Англия командасынын курамында) Бобби Чарльтонго берилген. Андан кийин белгилүү футболчулар Пеле, Франк Лэмпард жана Алекс Фергюсонго ыйгарылган. Акыркы лауреат болуп 2017-жылы Дэвид Бекхэм алган.