Жаныбек Жалалов өкмөт аппаратынын башчысынын орун басары болду

Жаныбек Жалалов 2020-жылдын 16-октябрынан тарта өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Жаныбек Жалалов ээлеген кызматынан бошотулуп, өкмөт аппаратынын башчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. 
Жаныбек Жалалов буга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган.
Ал эми анын ордуна Өмүрбек Суваналиев барды.