Радио

Марипов: уйкунун бир цикли 90 мүнөттү түзүп, таң аткыча беш ирет кайталанат

Улуттук кардиология жана терапия борборунун өпкө гипертониясы жана тоо медицинасы бөлүмүнүн башчысы Абдирашит Марипов адам уктаганда бөлмө салкын жана караңгы болушу керектигин айтты.
Sputnik
Уктоочу бөлмө өтө ысык же муздак болсо уйкунун сапаты начарлайт. Эң жакшысы 18-20 градус температурада болгону дурус. Ошондой эле бөлмөнүн нымдуулугу 40-50 пайыз болушу зарыл. Бул тууралуу Абдирашит Марипов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, уйку бир нече фазага бөлүнөт.
"Адамдын уйкусу жай, терең жана тез уйку болуп бир нече фазага бөлүнөт. Жай уйку 50-60 пайыз, терең уйку 20-25, ал эми тез уйку 20 пайыз болот. Бул циклдин жалпы узактыгы болжол менен 90 мүнөттү түзөт. Алгач жай уйкуда дем алуу тынч, жадагалса, кан басым төмөндөп, көздөр жай кыймылдарды жасайт, мээ активдүү эмес болуп, дене бошойт. Эс алып, күчүңүздү калыбына келтиресиз. Ал эми тез уйку 10-20 мүнөткө чейин созулат. Температура жана кан басым көтөрүлүп, жүрөк тез согот. Көздөр тез кыймылдап, мээ жигердүү иштеп, түш көрөбүз. Бул цикл улам кайталанып турат. Жалпы 90 мүнөттөн беш цикл кайталанышы керек", — деди Марипов.
Адис жатарда гаджеттерди карап жатуу уйку гормонунун бөлүнүшүн бузарын кошумчалады.