Өмүрбек Суваналиев Баткен облусун жетектемей болду

Суваналиев буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматын аркалаган. Жээнбеков кызматтан кетер алдында жумуштан алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Өмүрбек Суваналиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Суваналиев буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматын аркалаган. Жээнбеков кызматтан кетер алдында жумуштан алынган болчу
Аталган облусту Суваналиевге чейин Жаныбек Жалалов башкарган.