Садыр Жапаров Москвага болчу иш сапарынан улам обочолонуу режимине өттү

Президенттин маалымат кызматы Садыр Жапаров кайсы күнү Россияга иш сапары менен бара турганын тактаган жок.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров Москвага боло турчу иш сапарынын алдында обочолонууга алынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
"Азыр президент аралыктан иштеп обочолонууда. Сапар абдан олуттуу, мурунку өлкө башчысынын окуясы кайталанбасын дедик. Бардык тийиштүү чаралар көрүлүп жатат", — деди Байтерек.
Сапардын так күнү айтылган жок, бирок россиялык ЖМКлар Жапаров Москвага 24-25-февраль күндөрү келерин жазып чыгышты.
Белгилей кетсек, 2020-жылы Москвага жеңиш парадына кеткен Сооронбай Жээнбеков аны менен чогуу баргандардан коронавирус табылгандыктан иш-чарага катышпай, кайра Кыргызстанга кайтып келген.