Президенттик аппарат: карыздан улам ири объектилер Кытайга өтүп кетиши мүмкүн

Буга чейин Жапаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды көптөгөн объектилеринен ажырап калууга кептеген келишимдерге кол койгонун айткан эле.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Президенттин маалымат кызматы Садыр Жапаровдун Кыргызстан мамлекеттик карызын төлөбөсө көптөгөн объектилеринен ажырап калуу кооптуулугу бар деген пикири боюнча комментарий берди.
Күн сайын 1 млн. доллардан кошулуп турган. Мамлекеттик карыздын былтыркы өсүшү
Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстандын кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып, кайсы объект жана кредит тууралуу кеп козголгонун айтуудан баш тартты.
"Атамбаевдин бийлиги тушунда чет мамлекеттен карыздар көп алынган. Эгер анын шарттары аткарылбай, убагында төлөй албасак объектилер насыя берген тарапка өтүп кетет. Бул өтө ири объектилер. Мамлекет башчы кыйынчылыктарга карабай, каражат таап насыяларды кечиктирбей төлөөгө ишендирди. Объектилер эч кимге берилбейт", — деди Байтерек.
2020-жылдын соңуна карата алынган маалымат боюнча, КРдин тышкы карызы 4 миллиард 850 миллион 730 миң долларды түзөт.