Экс-депутат Каныбек Осмоналиевди Марипов кеңешчи кылып алды

Каныбек Осмоналиев былтыр Садыр Жапаровду колдогон митингден кийин бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен камакка алынып, кийин үй камагына чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев премьер-министр Улукбек Мариповдун кеңешчиси болду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Өмүрбек Суваналиев Баткен облусун жетектемей болду
Каныбек Осмоналиев 2020-жылы март айында "Ала-Тоо" аянтында өткөн Садыр Жапаровду колдогон митингден кийин бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен камакка алынып, кийин үй камагына чыккан.
Анын бир тууган иниси Жарасул Абдураимов бийлик алмашкандан кийин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалган.