БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев республикалык жана облустук китепкана жетекчилери менен жолукту. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Анда министр китептерди санариптештирүү, жаңы китеп фонду менен толуктоо, мейкерспейс бурчтарын ачуу, балдарды эрте өнүктүрүү борборлорунун иш-аракеттерин алдыга жылдыруу талаптарын койгону айтылат.
"Китепкана кызматкерлери социалдык жактан колдоого алынышы керек. Материалдык техникалык база, китеп фонду эскирип жатат. Виртуалдык китепкана ишин жакшыртуу, аудио китептерди даярдоо, мобилдик китепкана, тил үйрөнүү борборлорун түзүү жана чыгармачыл ийримдерди жандандыруу менен китепканалардын актуалдуулугун көтөрүү маселеси алдыбызда турат", — деп айткан Иманалиев.
Бүгүнкү күндө өлкөдө республикалык, облустук, райондук, шаардык жана айылдык маанидеги 1064 китепкана бар.