Илон Маск Путинге орус тилинде кайрылып, баарлашууга чакырды

Маск Путинге Clubhouse социалдык тармагы аркылуу сүйлөшүүнү сунуш кылган. Аталган соцтармак 2020-жылдын жаз мезгилинде Alpha Exploatation Co. компаниясы тарабынан түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Америкалык ишкер, Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск Россиянын президенти Владимир Путинди Clubhouse социалдык тармагында жолугушуу өткөрүүгө чакырды. Орус тилинде жазылган мындай кайрылуусун ал Twitter баракчасына жарыялап, Владимир Путиндин расмий аккаунтун белгилеп койгон.
​"Сиз менен баарлашуу мен үчүн чоң сыймык болор эле", — деп жазган Маск.
Илон Маск 188 млрд. долларлык байлыгын сатып Марска шаар курууну пландоодо
РИА Новости билдиргендей, Clubhouse социалдык тармагы 2020-жылдын жаз мезгилинде Alpha Exploatation Co. компаниясы тарабынан түзүлүп, коронавирус пандемиясы, карантин чектөөлөрүнөн улам тез эле эл арасында популярдуу болгон.
Аталган соцтармакта баарлашуу аудиобилдирүү форматында болот. Ал жакка катышуучулардын бири чакырганда гана кирүү мүмкүн. Адатта колдонуучулар өздөрү түзүп алган виртуалдуу бөлмөлөрдө сүйлөшөт.