Кыргызстандан кеткен жакшыбы же калган оңбу. Ойго салган баарлашуу

Мындай учкай кеп дүйнөнүн каалаган өлкөсүнүн каалаган калаасында кай убак болбосун уланып кетмектир. Ал баарлашуу бул ирет Бишкектин көчөлөрүн аралаган таксинин айдоочусу менен болду.
Sputnik
— Бул жактан кетиш керек! Акыркы окуялар элдин баарынын бетине түкүргөндөй эле көрүнүш болду. Акыйкаттыкты өлтүрдүк биз...
— Кеткенге камындыңызбы?
— Ооба. Балдарымдын жашоосу айланабыздагы нерселерге байланып калышын каалабайт элем. Адилеттүүлүк деген калбады.
Таксист менен бул баарлашуубуз соңку убакта ар кыл адамдардан, анын ичинде жакындарымдан угуп жүргөн кептин кезектеги эле төгүлүшү болду. Ошондон улам ага да, башкалардын баарына да өз пикиримди билдирүүгө чыгындым.
— Жакында эле "Коконун сыры" деген бир мультфильм көрдүм. Анда наркы дүйнөдө рухубуз бул жалгандагы адамдардын бизди эстеп-эстебегенинен көз каранды болору тууралуу ой камтылыптыр.
Менимче, мунун кандайдыр чындыгы бар. Биринчиден, өлүмгө жетелеп, же тескерисинче, тирилтип койчу энергетиканын күчүнө ишенем. Тегин жерден аксакалдардан бата алуу деген салтыбыз кылымдарды карытып келе жатпагандыр. Кадыр-барктуу адамдардын бири алакан жайып сага жакшылык тилейт, калгандары бир ооздон "Оомийин" деп чын ниеттен коштойт. Башкача айтканда, бир топ адам бир эле сигналды жолдойт. Мындай оң энергиянын уюткусу бата алган адамды коргойт.
Эгер бирөөлөрдү алдап кеткен болсоң, кыянаттык кылсаң, элдин эсинде жаман жактарың айтылат. Катуу каргышка калат. Биз өткөндөн кийин жаман жагыбыздан эскеришсе, элге жакпаган из калтырган болсок, тиги дүйнөдө түйшөлөрүбүздү бөркүмдөй көрөм. Ал түгүл жашап туруп деле андай жагдайдан адам азап тартышы ыктымал. Анан да бул жакындарыбызга аларга болгон сүйүүбүз аркылуу чагылышы мүмкүн. Себеби бул – күчтүү, космостук, руханий байланыш.
Байыркы бабам кандай эле?.. Эл энчисиндеги эгемендик тууралуу эки ооз сөз
Буларды эмнеге саймедиреп турам? Баары бир адилеттүүлүк, теңсиздикти ордуна койгон нерсе бар, аны "карма" деп коюшат. Тирүүлүктө жазасын алып үлгүрбөсө да, акыреттеги сот баарын орду-ордуна коёт.
Элестетип көрүңүз... Миллион адамды алдап, ошончо кишинин каргышына калдыңыз дейли. Мындай ойдун өзүнөн эле адамдын үрөйү учат. Же, тескерисинче, ошол миллиондор сизди алкап, ыраазычылыгын айтып бүтө албай турат дейли. Канчалаган жылуу, күч берчү энергиянын уюткусу сизге багытталат! Андан кандай дем-кубат аласыз, күчүңүзгө күч кошулат...
Далай адам тарыхта атын калтыргысы келет. Бул жалгандан узаганда эл аларды кандай эскерери, маселен, "аа, бул баягы элдин ырыскысын уурдаген немеби?" же "татыктуу жан эле" дешерин түк ойлонуп коюшпайт. Болбосо, түшүнгөн кишиге бул өтө маанилүү эмеспи.
Клетка өлбөс болууга умтулат дешет, бирок анда аң-сезим жок. Тек гана чексиз санга бөлүнүп, көбөйөт. Ошентип ал башка клеткаларда жашап, өз генин сактайт, андан ары уланат.
Ушундай эле бир клеткалуу сымал ашкере тайыз кишилер да бар. Мисалы, далай аялдардын боюна болтуруп, бирок ошол өз канынан жаралган балдардын кийинки тагдырын ойлоп да койбойт.
Бир клеткалуу адамдар. Акыл калчашпайт, тек гана биологиялык жашоосун сүрөт, дайым инстинкттеринин айдактоосунда күн кечирет.
Өлбөс болуунун бөлөк түрү бар. Кинодогудай, Ахиллес "Жоокерлердин баарына эмне керек, ал эми мага көбүрөөк эмне зарыл?" деп суроо салгандай эле нерсе. Албетте, ДАҢК эмеспи. Адамдар атагы кылымдан-кылымга даңазалансын деп өз өмүрүн курмандыкка чалууга даяр болушкан. Баса, бул "Коконун сырындагы" ойго шайкеш, ошол идея менен үн алышып турат. Маркумдар үчүн аларды тирүүлөрдүн эстеп турганы маанилүү.
Тамгадан сөз кураларын билбептирмин... Памирлик жигиттин таасирдүү баяны
Көп эле ойлонуп, сары санаага бата бербеңиз, адилеттүүлүк деген баары бир жашайт. Мыйзам иштейт, алдап, көз жазгырып кетүүгө мүмкүн эмес. Мен буга ишенем. Кыргыздарда муну "бир жеринен болбосо, бир жеринен чыгат" деп коюшат.
Бул жактан эмнеге кеткиңиз келгенин балким түшүнөт да чыгармын. Тегерегиңде башаламандык өкүм сүрүп турганда оюң кайдан бир жерде болуп, кайдан көңүл тынчысын. Шаарды аралап кайсы жакты гана карабайлы, башаламандык. Бардык жерде мыйзамсыздык (болгондо да ошол мыйзамдын сакталышына көбүрөөк көз салат дегендердин өздөрү да бузуп жаткан учурлар бар).
Баары майдадан башталат: адамдар көчөдө түкүрүнөт, таштандыны туш келди ыргытат, ал эми бул кичинеден болсо да эрежелерди сактабагандык. "Майда" дейбиз, жол чырак кызыл жанып турганда да өтүп кетели дейбиз. Улам арылап кете баштайбыз... Светофордон жанагыдай кылсак, демек, кийинки дагы бир мыйзамсыздыкка барасың, маселен, адамды чаап жибергенден кайра тартпайсың. Ал эми буга да жол берилсе, акыры киши өлтүрүп коюу деле кадыресе нерседей көрүнүп калышы мүмкүн.
Айланабызда тартип орномоюнча, туруктуулук болмоюнча ойлорубузду иретке салуу өтө кыйын. Мыйзамдын аткарылышын жана ой да иреттүү болушун самагандар тегерегиндеги болуп жаткан кемчиликтерге макул эмес, аны түздөп, жаман нерселерди өзгөртүүгө тырышат. ...Ошондуктан алардын өлкөдөн эмне үчүн кетүүнү каалаганы мага түшүнүктүү.
Бирок мен үчүн дагы бир маанилүү нерсе – өз үйүмдүн касиети, анын деми, өз экендиги. Узак сапардан кайтканымда ошол байланышты туям. Албетте, башка жерлерди көрүү, таануу деген нерсе жакшы. Бирок өз жеримде өзүмдү ээн-эркин, кожоюн сезип, көкүрөк кере дем алам. Бул эмне деген касиет экенин деле түшүнбөйм. Дүйнөнүн ар бурчундагы жерлердин тартып турган өзүнүн күчү бар сымал, мага да мекенимдин деми сезилип турат. Үйүнөн, киндик каны тамган жеринен куулган адамдар кандай бактысыз экенин элестете да албайм.
Баланын шагы сынып, көңүлү түшпөсүн! Кыргыздын ат коюу маданияты
Мен кайда барсам да бучкактап турган, көөдөнгө жылуулук жараткан туулган жердин кадырын сезген касиеттен айрылгым келбейт. Окуу, иш же жөн гана саякаттоо мүмкүнчүлүгү болсо, албетте, баш тартпайм. Бирок бул жерден түбөлүккө, болгондо да өз ыктыярым менен кетейин деген оюм жок. Анан да көңүлдүн тынчтыгы башкаларга байланыштуу болушун каалабас элем. Кайда барба, кесирлүү, оозар адамдар кездешпей койбойт... "Кой аксагы менен миң" деген сөз бар эмеспи.
Сыртта жүрүп жүрөк тынчыбай беймаза болгондон көрө, өз жериңде көңүлүң тынч жашагандан өтөрү жок. Балким мен жаңылып жаткандырмын. Улуулар айтмакчы, "ар кимдин өзүнүн маңдайына жазылган шыбагасы" бар, ал эми менин оюмча, ар адамдын өз жолу, өз ырыскысы бар.
...Дагы бир топ унчукпай барып, анан болжогон жериме жетип алдым. Маектешим ким болуп иштээримди сурады, журналистмин дедим. Мага жакшы тилегин айтып, бул сүйлөшүүбүздү окурмандарга жеткирип коюумду өтүндү. Ал эми жогорудагы сиз окуган ой калчоо ошол таксист замандашымдын өтүнүчүн аткарып жазгандагым.