БИШКЕК, 13-фев. – Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 15-февралынан тарта “Айыл чарбасын каржылоо-9” долбоорунун алкагында дыйкан жана фермердик чарбаларга жеңилдетилген кредит бериле баштайт. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.
Марипов бүгүн жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү боюнча селектордук кеңешме өткөрдү.
Премьер-министр Улукбек Марипов
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
“Өкмөт айыл чарба техникасын сатып алуу боюнча лизингдик программаны ишке ашырууга 540,1 миллион сом бөлүү чечимин кабыл алган. Ал эми 15-февралдан тарта дыйкан жана фермердик чарбаларга жеңилдетилген кредит берүү башталат. Ошондой эле алар үчүн үрөн өндүрүүчү чарбалардан базар баасынан 30 пайызга төмөн баада сертификацияланган үрөндү сатып алуу механизми жөнөкөйлөштүрүлөт”, — деди Марипов.
Премьер-министр келечекте айыл чарба өсүмдүктөрүнүн белгилүү түрү гана басымдуу болуп, аны сатууда көйгөйлөр жаралбашы үчүн фермерлерге так маалымат берүүнүн маанилүүлүгүн дагы белгиледи.
“Өткөн жылы республика боюнча 56,6 миң гектар жер иштетилбей калган. Быйылкы жылы биз ал көрсөткүчтү 7 миң гектарга кыскартууга ниеттенип жатабыз”, — деди өкмөт башчы.
Улукбек Марипов район акимдеринин ишине талаптар күчөтүлө тургандыгын жана ар бир район боюнча талдоо жүргүзүлүп, алардын ишине баа берилерин баса белгиледи.
“Мен жазгы талаа жумуштарына даярдыктын жүрүшү менен жеринде таанышуу үчүн аймактарга эскертүүсүз барайын деп жатам. Фермерлер менен жолугушуп, алардын көйгөйү жана жергиликтүү бийлик органдары тараптан аларга көрсөтүлүп жаткан көмөгү тууралуу билейин деп жатам”, — деди ал.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча өкмөт башчы президенттин “Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын аткаруу иретинде өкмөт кластердик ассоциациялар менен кызматташтык механизмин жайгаруусу, ар бир облуста айыл чарба продукциясы үчүн логистикалык борборлорду түзүүсү, айыл чарбасына санариптик технологияларды киргизүүсү, мал чарбачылыгы продукциясынын өндүрүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуусу зарыл экендигине басым жасады.