Месси Пеленин рекордун ашып өткөндө кийген бутсасын Каталониянын музейине берди

Месси өткөн жылдын 22-декабрында Испания чемпионатынын алкагында "Вальядолид" клубу менен беттеште өзүнүн 644-голун киргизген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. "Барселона" футбол клубунун оюнчусу Лионель Месси айтылуу Пеленин бир клубда ойноп көп гол киргизген рекордун ашып өткөндө кийген бутсасын Каталониянын музейине тапшырды. Бул тууралуу музейдин Twitter баракчасындагы микроблокто айтылганын Р-Спорт жазды.
Месси 22-декабрда Испания чемпионатынын алкагында "Вальядолид" клубу менен беттеште өзүнүн 644-голун киргизип, футбол тарыхында бир клубдун курамында киргизген голдор боюнча эң мыкты бомбардир болгон.
"Месси бир клуб үчүн көп гол киргизген рекордун жаратканда кийген бутсасын музейге белекке берди. Биз аны аукцион аркылуу сатабыз", — деп айтылат музейдин билдирүүсүндө.
Түшкөн каражат кайрымдуулук үчүн жумшалары айтылды.