Бишкек мэриясы 500 миң сомго фитнес-браслет сатып алуу себебин түшүндүрдү

Муниципалитет фитнес-браслеттер кызматкерлер үчүн эмес экенин айтып, алар кимдерге берилерин билдиришти.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Бишкек мэриясы эмне себептен 500 миң сомго 250 фитнес-браслет сатып алганы жатканын түшүндүрдү.
Свердлов райондук администрациясынын тендер боюнча кулактандыруусу мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган.
Пресс-борбор
Мэрия автобус сатып алууга ниеттенип, бирок тендерди токтотту. Себеби
Мэриядан билдиришкендей, тендер 8-март — Эл аралык аялдар күнүн утурлай жарыяланган. Майрамга карата райондун ардактуу жашоочуларына жана активист кыз-келиндерге белекке берилет.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 2020-жылы пандемия күч маалында мындай иш-чара өткөрүлбөй, аялдарга жетишерлик көңүл бурулбай калган.
"Белек сергек жашоо образын эске салуу менен тандалган. Өзгөчө улгайып калган адамдарга керектүү буюм. Тендердин шарттары боюнча браслетте кан басымын, пульсту, уйкуну, кыймылды көзөмөлдөө функциялары бар болушу керектиги айтылган", — деп жазылган билдирүүдө.
Тендерде талапка жооп бергендердин арасында эң төмөнкү бааны сунуштаган тарап жеңүүчү деп табылат.
Мэриядан кошумчалашкандай, акимчиликтин бюджетинде белек алууга же кызматкерлерге башка сыйлыктарды берүүгө каражат каралган эмес.