Окумуштуулар өлүм тобокелчилигин жогорулаткан азыкты аташты

Жумуртканын курамында май менен холестерин өтө көп экени айтылды. Булар инфаркт жана башка ооруларга кептеши толук мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кытайдын окумуштуулары жумуртканы көп колдонуу өлүм тобокелчилигин жогорулатышы мүмкүн экенин аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Окумуштуу өлүмгө кептей турган грибоктун коркунучу тууралуу айтып берди
Маалым болгондой, аталган азыктын курамында май менен холестерин өтө көп. Булар инфаркт жана башка ооруларга алып келип, өлүм тобокелчилигин жогорулатышы ыктымал.
Мындан улам изилдөөнүн авторлору калкты жумуртканы көп колдонуудан баш тартууга чакырып кетишкен.