19 тил, илимге байланган өмүр. Кусеин Карасаевдин сүрөттө калган элеси

Sputnik

Кусеин Карасаев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кара-Секи (азыркы Токтоян) айылында 1901-жылы 5-январда жарык дүйнөгө келген. Он жашында молдодон сабак алып, 13кө чыкканда Караколдогу тузем мектебине кирген. 1916-жылы Кытайга туугандары менен качып, ал жактан өспүрүм уйгур, татар тилин үйрөнүп, кичине кытайча сүйлөй баштаган.

Кыргызстанга 20 жашында келгенде айыл кеңеште катчы, революциялык комитеттин башчысы болуп иштеп, 1923-жылы Ташкенттеги казак-кыргыз агартуу институтуна тапшырып "Эркин-Тоо" гезитинин алгачкы басылмаларынын чыгышына жигердүү аралашкан. Андан соң 1926-жылы Касым Тыныстанов, Ишенаалы Арабаев, Базаркул Данияров жана Осмонкул Алиев менен Баку шаарында уюштурулган түркологдордун биринчи съездине барып, билимге суусаган студент Ленинград шаарындагы Чыгыш институтуна өтүп кеткен. Бөтөн жерде бурят, монгол, араб, фарси, немис тилдерин өздөштүрүп, замандаштары менен кыргыздар үчүн окуу китептерин басып чыгаруу ишине бел байлап, бир катар эмгектерди окурмандарга сунуштаган.

Быйыл түрколог, тилчи Кусеин Карасаев жубайы Айша Карасаева менен. Архив
Караңгы элге каапыр да молдо боло алат. Тилчи Кусеин Карасаевдин кеп казынасы
Карасаев эмгек жолунда улуттук фольклорго кайрылып, "Манас" эпосун жаздырып алуу иштерине түзмө-түз катышып, ар кыл мүнөздөгү сөздүктөрдү түзүүгө өмүрүн арнаган. Түрколог 30 томдон ашык илимий эмгектердин, 20 басма табактай макала жазган. Ал 60 миң сөздү өзүнө камтыган "Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү", "Орусча-кыргызча", "Кыргызча-орусча" сөздүгү, "Накыл сөздөр", "Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү", "Камус наама" аттуу китептердин автору. Эл арасында ал эмгектер "Карасай сөздүк" деп аталып калган.

Андан сырткары, Максим Горькийдин "В людях", "Жизнь ненужного человека", Александр Радищевдин "Петербургдан Москвага саякат", Джонни Родаринин "Чипполино", Леон Кручковскийдин, Рабиндранат Тагордун чыгармаларын, кытай эл жомокторун которгон. Эң кызыгы, ал 16 түрк тилинде жана араб, фарси, немисче эркин сүйлөгөн.

Жеке жашоосунда Айша Карасаева (Түмөнбаева) менен бирге узак убакыт түтүн булатып, экөө үч кызды тарбиялап чоңойткон. Залкар инсан көзү көрбөй, кулагы жакшы укпай калганга чейин илим менен алектенип 97 жашында көз жумган. Учурда анын ысымын Бишкектеги бир көчө жана жогорку окуу жай алып жүрөт.

Атактуу түрколог, тилчи, илимпоз жөнүндө кызыктуу фактылардын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окусаңыз болот.