Аалымдар кеңешинен арыз түшүп, Финпол муфтиятка кылмыш ишин козгоду

2020-жылдын декабрь айында Аалымдар кеңеши тарабынан муфтиятты текшерүү боюнча Финполго арыз келип түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Финансы полициясы тарабынан Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 2020-жылдын декабрь айында Аалымдар кеңеши тарабынан муфтияттын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча Финполго арыз түшкөн.
Аталган факты Жазык кодексинин 233-беренеси ("Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу") менен КЖБРге катталган.
Азыркы тапта тергөөнүн алкагында муфтияттын ишмердүүлүгү боюнча салыктык текшерүүлөр жана аудит жүргүзүлүүдө.

Муфтияттагы каржы махинациясы

Үй камагы эмес. Максат ажы Токтомушев сыртка чыкпоого милдеттендирилди

10-февралда УКМК Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлери зыяратчылардан түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланганын ачыкка чыгарып, мекеменин эсепчисин кармаган. Атайын кызмат тараткан билдирүүдө муфтияттагылар ишти жаап-жашыруу үчүн 100 миң доллар пара сунуштаганы да айтылган. Ушул эле күнү анын артынан Максатбек Токтомушев дагы кармалган. 12-февралга караган түнү экс-муфтийдин баш коргоо чарасы тандалып, сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулган. Ал эми бухгалтери эки айга тергөө абагына камалды.