Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы быйыл улуттук деңгээлде белгиленет

Абдрахманов кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүсү, алгачкы кыргыз интеллигенциясынын эң көрүнүктүү өкүлү.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жапаров кабинетке анын эмес, Раззаков сыяктуу чыгаандардын сүрөтүн илүүгө чакырды
Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда азыркы Ысык-Көл облусундагы Чиркей айылында манаптын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүсү, алгачкы кыргыз интеллигенциясынын эң көрүнүктүү өкүлү. Анын 1930-жылдары кыргыздарды ачарчылыктан сактап калышы тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калды.