Жапаров: референдумду эки айдан кийин өткөрүү сунушун бердик

Буга чейин мамлекет башчы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону 11-апрелде өткөрүү боюнча жарлыкка кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. – Sputnik. Президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен бирге, тагыраагы, 11-апрелде өткөрүүнү сунуштап жатканын КТРКга берген маегинде билдирди.
Ал өз сөзүндө учурда Кыргызстан эски Баш мыйзам менен жашап жаткандыктан президент менен премьер-министр өзүнө тийиштүү гана тармактарга кадрларды дайындап жатканын билдирди.
"Жаңы Конституцияга дагы 1-2 ай бар. Эгер депутаттар колдоп берсе, референдум жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен бирге 11-апрелде өтөт", — деди Жапаров.
Эске салсак, буга чейин мамлекет башчы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону 11-апрелде өткөрүү боюнча жарлыкка кол койгон.