Кыргызстандын жаңы муфтийи качан шайланары айтылды

Кыргызстан мусулмандарынын курултайы жаңы устав боюнча 4 жылда бир чакырылып, муфтий, Аалымдар кеңеши жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы курултай делегаттары тарабынан ачык добуш менен бекитилет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргызстандын жаңы муфтийи 5-апрелде шайланат. Мындай чечимди Аалымдар кеңеши бүгүн, 11-февралда, кезектеги протоколдук жыйында кабыл алганын муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Аалымдар кеңеши ошондой эле жыйында Кыргызстан мусулмандарынын VII Курултайын өткөрүү чечимин кабыл алды.
Улакчы, балчы жана чуулуу окуялары. Максат ажы Токтомушев тууралуу 9 факты
Мындан сырткары, муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин өз каалоосу менен жумуштан кетүү боюнча жазган арызын карап, бир добуштан канааттандырды.
Эске салсак, Кыргызстан мусулмандарынын курултайы жаңы устав боюнча 4 жылда бир чакырылып, муфтий, Аалымдар кеңеши жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы курултай делегаттары тарабынан ачык добуш менен бекитилет.