БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Reuters эл аралык агенттиги тоңуп калган Ара-Көл көлүнүн видеосун жарыялады. Бул жер кыргызстандыктар арасында туризмдин популярдуу тармагы болуп эсептелинет.
Маалыматта көл кыш мезгилинде тоңуп чана тебүүчү аянтка айланары айтылат.
"Бул Кыргызстандагы эң чоң муз тебүүчү аянт. Ал Ара-Көл көлүндөгү суунун тоңуп калышынан пайда болот. Күн сайын бул жердин кооздугуна суктануу үчүн үч миңге жакын адам келип кетет", - деп видеого жазылган.
Ара-Көл Кочкор районунда, райборбордон 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кышында көл толугу менен тоңуп калат. Муздун калыңдыгы 60 сантиметрге чейин жетери айтылып келет.