Жапаровго берилген унаа Усубалиевге таандык эмеспи? Министрликтин түшүндүрмөсү

Мамлекет башчы тарыхый мааниге ээ автоунааны белекке алганын кабарлагандан кийин Усубалиевдин үй-бүлөсү машина ага таандык эмес экенин айтып чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровго белекке берилген автоунаа белгилүү саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин кызматтык транспорту болгон. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Белек

Мамлекет башчы автоунааны Кочкор районунан келген Бакай аттуу киши белекке бергенин айткан.
"00-01 ФИА номерлүү автоунаа 1970-жылы Турдакун Усубалиевге берилген экен. Темир тулпар бир нече жыл тебилип, кийин Кочкордогу жердештеринин колунда көздүн карегиндей сакталып турган. Мени суктандырганы, машина дале жапжаңы, жакшы каралган экен. Кадимкидей от алып, тепсең Турдакун Усубалиевдин учурундагыдай эле зуулдайт", — деп жазган Жапаров.
Жапаров кабинетке анын эмес, Раззаков сыяктуу чыгаандардын сүрөтүн илүүгө чакырды
Ошондой эле ал ата-бабалардын кандай унаа айдап, жок эле дегенде кандай шартта жашап-иштегенин жаш муундун эсине салуу максатында Усубалиевден калган автоунааны Улуттук тарых музейине тартуулоону туура көргөнүн билдирген. 
Деген менен Турдакун Усубалиев атындагы фонд Кыргыз ССРинин жетекчисинин үй-бүлөсү аталган машина Усубалиевге таандык эместигин айтып чыкты. Анда 1970-жылдары жогорку кызмат адамдарына берилген бардык белектер тыкыр көзөмөлдөнүп, мүлк катуу тартипте катталып турганы белгиленет.
“Аталган машина Турдакун Усубалиевге таандык болгон эмес. Фонддун жетекчилиги  кандайдыр бир адамдар, коомдук бирикме, уюмдар Турдакун Усубалиевдин атын жеке кызыкчылыгы үчүн колдонушуна караманча каршы турат”, — деп билдирген фонд.

Министрликтин түшүндүрмөсү

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы бүгүн, 9-февралда, мамлекет башчы Садыр Жапаров Усубалиевдин раритет автоунаасын Мамлекеттик тарых музейине өткөрүп бергенин кабарлады.
“Тарыхый жактан мааниси баалуу бул кызматтык автоунаасын нарындык жаран көп жылдар бою сактап келген. Белгилей кетсек, “ГАЗ-69” Турдакун Усубалиевдин Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп тургандагы кызматтык автоунаасы болуп саналат. Кийин бул автоунаа республиканын райондорунун бирине пайдаланууга берилген”, — деп айтылат маалыматта.
Өлкөнү кыйроодон сактап калган Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев тууралуу Sputnik даярдаган фактыдан окуңуз.