Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси алмашты

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров өзүнүн бир жарлыгы менен Токталиевди кызматынан бошотуп, башка жарлыгы менен жаңы директор дайындады.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. – Sputnik. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Акин Токталиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Президент кайра башка жарлыгы менен аталган кызматка Медер Карабаевди дайындады.
Эске салсак, Токталиев бул кызматка өткөн жылдын ноябрь айында ошол кезде президенттин милдетин аткарып турган Садыр Жапаровдун жарлыгы менен дайындалган. Ага чейин ал Жапаровдун адвокаты дагы болгон.