Ушу тапта дүйнөнүн доллардан көз карандылыгы азайып баратат. Эсеп-кысаптын башка акча бирдигине өтүп кетиши америка экономикасын бир топ эле жабыркатары турулуу иш. Дал ушул маселенин күнгөй-тескейине ой жүгүрткөн Наталья Дембинскаянын макаласы РИА Новостиге жарыяланды.
Дүйнөлүк тиран
АКШ дүйнө жүзүн санкцияга чырмап салды, бүгүнкү күндө башка мамлекеттерге карата сегиз миңге чукул чектөө күчүндө. Тизме толукталып турат. Вашингтон азыр кимге болсун шарт-талабын таңуулай алат, анткени доллар — дүйнө экономикасындагы башкы валюта.
Америка акчасына транзакциянын 70 пайызы туура келет. Доллар эркин сатылып, эркин конвертацияланат, өкмөт тарабынан кандайдыр бир жөнгө салуу жок. Анын үстүнө АКШ экономикасы мурункудай эле дүйнөдөгү эң туруктуу, ачык болуп эсептелет.
Мындан улам Ак үй жеке жактарга жана америкалык компанияларга Вашингтонго жакпагандар менен бизнес жүргүзүүгө тыюу салып, башка тараптарды экстерриториалдык санкция салам деп опузалай алат.
Жооп
Бирок бардык нерсенин чеги болот. Дүйнө коомчулугунун доллардан көз карандылыкты азайтууга дарамети жетет. Мындай бүтүмдү АКШ конгрессинин Иликтөө кызматы чыгарган.
Документте санкциялар Кошмо Штаттардын өзү үчүн экономикалык кыйынчылык менен шартталып жатканы, буга АКШнын жеке да, юридикалык да тараптары катыша алчу коммерциялык келишимдердин чектелип жатышы себеп экени айтылат. Мисал катары Россиядан айыл чарба продукциясынын импортуна салынган тыюу келтирилген.
Баяндаманын авторлору белгилегендей, америка валютасы канчалаган жылдардан бери эл аралык экономикалык транзакцияда колдонулуп келет. Мындан тышкары, Ак үй тышкы саясаттагы максаттарына жетүү үчүн да долларга таянары айтылган. Мында акчанын Россиянын, Иран жана Венесуэланын финансы рыногуна жеткиликтүүлүгүн татаалдаштырууга пайдаланылганы мисал келтирилген.
Кытай варианты
Аталган мамлекеттердин альтернативалуу валютага өтүшү жыйынтыгында америка экономикасына терс таасирин тийгизип, доллардын кадырын түшүрөт дешет документтин авторлору. Чекесинен ага күбө да боло баштадык.
Акыркы жылдары доллардын позициясына юань доо кетирип жаткандай. 2016-жылдан тарта Кытайдын акча бирдиги Эл аралык валюта фондунун резервдик валютасы болуп саналат. Бул өнүгүп келе жаткан мамлекеттин мындай абройго жетип жаткан биринчи учуру. Андан соң Пекин "Бир алкак — бир жол" интеграциялык программанын негизинде Шанхай биржасына фьючерс менен соодаланчу нефтиге бааны юань менен алып чыкты.
Ошентсе да дүйнөлүк транзакцияда юандын үлүшү мурункудай эле аз. Буга эркин конвертациянын жоктугу, туруксуздук, мамлекеттик карызда да, жеке береседе да финансы системасынын ачык-айкын болбогону себеп.
Бирок санарип юань деген чыкты. Экономисттердин басымдуу бөлүгү мамлекеттик криптовалюта долларга кадимкидей эле атаандаш болорун айтып жатышат. Анткени анын эскирип бара жаткан SWIFT же CHIPS төлөм системаларына салыштырмалуу ыкчам экени белгиленүүдө. Криптоюань "Бир алкак — бир жол" долбоорунда да керекке жарайт, анткени эсеп-кысапты санарип валютада жүргүзүү Вашингтондун санкцияларынан коргойт.
Доллардан алыстоо
Россияга келсек, БРИКС менен жүргүзүлгөн долларлык транзакция 2019-жылы 73 пайыздан 49га азайган. Бул биринчи кезекте еврого (23%) байланыштуу болду. Рублдин үлүшү да сегизден 14 пайызга чейин жогорулаган. БРИКС боюнча Кытайдан кийин экинчи орунда турган Индия менен соодада бул көрсөткүч 50 пайыздан ашкан.
Кытай менен улуттук валютада эсептешүү 25 пайызды түзөт, жети жылдын аралыгында он эсеге өскөн. Бул РФ экономикасынын дедолларизация стратегиясы жана санкцияларга туруштук берүү жөндөмүнүн жогорулашы деп кабылданууда.
Москва менен Пекин соода алакасында акырындап доллардан четтеп бара жатышат. Тараптар 2014-жылы эле 150 миллиард юандык (24,5 миллиард доллар) своп-келишим түзүп, анда ачык рынокту карабай эле улуттук эки валютага жеткиликтүүлүк шартталган. 2015-жылы келишимдин баары доллар менен түзүлсө, 2019-жылы жарымында гана АКШ акчасы колдонулган.
Ушундай эле көрүнүш еврозонада да байкалган: 2019-жылы евро биринчи жолу долларды артта калтырган (42% — 38%). Бул жалпы дүйнөлүк тенденция жана америкалык санкцияларга каршы турган Европа биримдигинин эмгеги.
Система өзгөрүүдө
2019-жылы Франция, Германия жана Улуу Британия INSTEX деп аталган инструмент түзүшкөн. Бул "европалык оюнчулар жана Ирандын ортосундагы мыйзамдуу коммерциялык транзакцияларды жөнөкөйлөштүрүүгө" багытталган атайын механизм. Кийинчерээк ага Бельгия, Дания, Нидерланддар, Норвегия, Финляндия жана Швеция кошулду.
Негизи мунун баары европа өлкөлөрүнө АКШнын финансы системасынан айланып өтүп Тегеран менен соодалашууга жол ачат. INSTEX нак акча эмес, кредиттик баллдарды пайдаланды.
Доллардан көз карандылыкты азайтуу үчүн еврокомиссия болжолдуу план даярдаган. Анда ар кыл товарларды еврого өткөрүп, зарылдык жаралса нормаларды өзгөртүүгө жол берүү каралган. Мындан тышкары, регуляторлор европалык компаниялардын чет өлкөлүк ишканалар тарабынан "менчиктештирилишине" бөгөт боло алат.
Популярдуулугу боюнча экинчи орунда турган евро долларды кысмакка алууда. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, натыйжада америкалык акча дүйнөлүк финансы системасында өзгөчө макамынан ажырап, ордун евро, доллар жана юандан турган система басат.