БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Нарын районунун Сулуу жайлоосунан 1102-1110-жылдарга таандык кытай тыйыны табылды. Бул тууралуу тарыхчы жана Нарын мамлекеттик университетинин лаборанты Мээрим Мукашова аймактык кабарчыга билдирди.
Анын айтымында, тыйын Нарын облустук тарыхый-этнографиялык музейине өткөрүлдү.
“Кытай тыйынын атам Алманбет Турганбаев үстүбүздөгү жылдын январь айында Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылындагы Сулуу деген жайлоодон мал издеп бара жатып таап алган. Келечек муун биздин бабаларыбыздын басып-өткөн жолун, тарыхын билип үйрөнөт деген ниет менен табылганы музейге тапшырууну туура көрдүк”, — деди Мукашова.
Нарын аймагынан биринчи жолу табылган кытайдын тыйыны колодон жасалып, биздин замандын X-XI кылымына туура келери болжолдонууда.
"Нумизматик Александр Михайлович Камышевдин тактоосу боюнча тыйын Кытай империясынын Түндүк Сун династиясына таандык. Белгилүү болгондой, Улуу Жибек жолу Кыргызстандын аймагынан өткөн. Бул табылга 1102-1110-жылдары Улуу Жибек жолундагы соодагерлер соода-сатык иштеринде ушундай акча бирдигин колдонушканын далилдеп турат. Тыйында кытай иероглифи менен Чач (азыркы Ташкент) деген жазуу бар экен. Балким, Чачта ушундай тыйындардын үлгүсү жасалгандыр. Келечекте нумизматиктер изилдөөгө алышса керек”, — деди Нарын мамлекеттик университетинин тарых факультетинин мугалими, тарых илимдеринин кандидаты Айнагүл Бектемирова.
Ал ошондой эле Сун династиясынын мезгилинде мындай тыйындарды жергиликтүү соодагерлер кеңири колдонгонун кошумчалады.
2020-жылы жаз айларынын башында Талас облусундагы Манас районунун Кара-Арча айылынын жергиликтүү жашоочулары VIII кылымдан XIII кылымдын башына таандык учурдагы кумараларды таап алган.